САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-февралындагы № 1/3
Савай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2021-жылга карата бюджети бекитүү жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Каримжановдун 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча бидирүүсүн талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 29469,1 миң сом, анын ичинен 3780,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде бюджети бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 42, анын ичинен айыл башчылар 8,ВУС инспектору 4, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис 10, жетектөөчү адис-6 жана адис-4. Маданият кызматкерлери 6 штат анын ичинен 3 маданият кызматкери, тейлөө кызматкери 3 штат бирдиги өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8 - июлундагы №466 сандуу мыйзамы менен штаттык расписание негизинде бекитилсин. Кызматчыларга Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун негизинде акы төлөнүп берилсин
4. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2021-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, өз беренелери жана тармактары боюнча бөлүштүрүлүшүн жана корголгон беренелерди биринчилерден болуп каржылоо жагы белгиленсин.. (эмгек акы,соц фонд,льгота,тамак аш, электр энергия,комуналдык кызматтар).
5. Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан түшүүчү каражаттын тартыштыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен ар бир бала үчүн бир күнүнө 16 сомдон акча каражаты каралсын
6. Айыл аймагындагы мекеме ишканалар, атайын эсеп каражаттарына түшкөн акчаны аймактык казына бөлүмү аркылуу жүргүзүлсүн, өз алдынча кассадан чыгымдалышына жол берилбесин.
7. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуна 254,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
8. Савай айыл өкмөтүнүн 2022- жылга 29616,9 миң сом, 2023-жылга 29798,9 миң сом өлчөмүндө түзүлгөн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин.
9. Жайыт комитетинин бир жылдык бюджети160,0 миң сом эсебинде бекитилсин анын чыгашасынын 106,6 миң сому жэ 3/2 бөлүгү келишимдин негизинде чыгымдалсын.
10. Савай айыл өкмөтүнүн кассада акча жүгүртүүсү 50,0 миң сом өлчөмүндө жүргүзүлсүн.
11. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | Б.Аматова |