Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/4

 

Савай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Савай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айылынын С.Бахапова орто мектебинин чатырын ондоп түзөөгө 70921 бөлүмүнүн 3111беренесинен 600,0 миң сом, « Батма Эне” бала бакчасына 70911 бөлүмүнөн 2221 беренесинен 47,0 миң сом,3111 беренесинен 90,0 миң сом, 3112 беренесинен 64,0 миң сом.

Кен-Сай айылынын К.Айдаров көчөсүнө латок орнотууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 1200,0 миң сом, Кен-Сай айылынын таза суу кампасынын айланасынын тосууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 500,0 миң сом, таза суу тартууга70629 бөлүмүнүн 2231 беренесинен 400,0 миң сом, сугат суу жеткирүү үчүн турба алууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 100,0 миң сом.

Ынтымак айылынын бейитти тосууга70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 250,0 миң сом, «Арзуу» балдар бакчасына кошумча бөлмөсүн оңдоп түзөөгө 70911 бөлүмүнөн 3111 беренесинен 500,0 миң сом, жаны чеке (Даги) жолдорго шагыл төшөөгө 70629 бөлүмүнүн 2221 беренесинен 450,0 миң сом.

Кескен-Жар айылына газ түтүктөрүн тартууга 70629 бөлүмүнүн 3111беренесинен 600,0 миң сом, Султан- Абад айылына таза ичүүчү суу түтүктөрүн тартууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 600,0 миң сом.

Кызыл-Шарк айылынын электр мамычаларды орнотууга 70629 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 200,0 миң сом.

Айыл өкмөтүнүн имаратына бирдиктүү терезе курууга 70111 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 100,0 миң сом, өрткө каршы жол куруу үчүн 70111 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 100,0 миң сом, эмерек алууга 70111 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 188,0 миң сом, компьютерлерди алууга 70111 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 230,0 миң сом, архив бөлмөсүн жасатууга 70111 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 100,0 миң сом.

Кыдырша айылындагы “Ай бала” балдар бакчасына компьютердик жабдыктарды сатып алууга 70911 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200,0 миң сом.

Кыдырша орто мектебинин от казанынын оңдоп түзөөгө 70921 бөлүмүнүн 3111 беренесинен 200,0 миң сом.

2. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Савай айылдык округунун кенешинин

төрагасынын орун басары

Б.Аматова