Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/6

 

Савай айылдык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Савай айылдык аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөөлөргө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:

- көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен, эхинококког оорусу менен

ооруган адамдарга операция жасатууга жана өтө жакыр үй-бүлөөлөргө- 10 000 сомдон, орто үй-бүлөөлөргө 5 000 сомдон.

- 1-топтогу майып адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 2000 сомдон,

- бардык майыптарга дары-дармек үчүн 500 сомдон,

- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн - 2000 сомдон

- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн – 2000 сомдон,

- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнөн, кулагынан ооругандар) - 1500 сомдон,

- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга)- 1000 сомдон,

- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) - 1000 сомдон,

- баатыр энелерге жол акысы үчүн- 600 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү үчүн жол акысына- 2000 сомдон,

- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам) - 1000 сомдон

- жарым жетимдерге (материалдык жардам)- 1000 сомдон,

- тоголок жетимдерге (материалдык жардам)- 2000 сомдон .

 

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБне милдетттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Савай айылдык округунун кенешинин

төрагасынын орун басары

Б.Аматова