САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-февралындагы № 1/7
Кен-Сай айылынын Нооруз1 көчөсүнө Баткен согушунун катышуучусу Касимов Исмаилдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн Кен-Сай айылынын тургуну Касимов Замирдин арызын жана Кен-Сай айылынын Нооруз1 көчөсүнүн жыйынынын протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы №159-токтомунун негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Сай айылынын Нооруз 1 көчөсүнө Касимов Исмаилдин ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнү абатташтыруу, көрктөндүрүү жана үйлөрдүн номерлерин жазып илүү Касимов Замирге милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүрүзүү тартиби жөнүндө” жобонуну 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча катоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик катоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо департаментинин Кара-Суу райондук башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары | Б.Аматова |