Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/8

 

Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын 2019-жылдын 29-декабрындагы Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчиктеги ижарага берилген жерлердин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндөгү №3/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптеринин 5-беренесинин 5-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык менчиктеги ижарага берилген жерлердин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин ижара акысы төмөндөгүдөй тарифтерде бекитилсин.

№

Айылдардын аталышы

М2

тариф

1

Кен-Сай,Султан-Абад,Кызыл-Шарк

1м2

100 сом

2

Кескен-Жар,Курбан-Кара,Октябрь

1м2

70 сом

3

Ынтымак,Савай,Кыдырша

1м2

50 сом

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Савай айылдык округунун кенешинин

төрагасынын орун басары

 

Б.Аматова