САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-февралындагы № 1/9
Савай айыл өкмөтүнүн айылдарында кыска мөөнөтүү бала бакча ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим минисрлигинини 2021-жылдын 2-февралындагы чыгыш №03-1/4068 сандуу катынын негизинде Савай айыл өкмөтүнүн айылдарындагы тургундардын кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап, Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтүнүн билим берүү мекмелериндеги бош бөлмөлөр 3(үч) жаштан 5(беш) жаш курактагы балдарга 3(үч) саатык бала бакча ачууга ылайыкташтырылып, ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Савай айылдык округунун кенешинин төрагасынын орун басары |
Б.Аматова |