Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

 

2021-жылдын 26-февралындагы № 1/11

 

Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) 2018-жылдын 22-декабрындагы “Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү” №2/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессетик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин,» Пробация жөнүндө »,»Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиб жөнүндөгү » Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 17-октябрь 2018-жылындагы №01-18/26 буйругун аткарууга алуу максатында Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону жана комиссия курамын талкуулап чыгып Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) кезектеги II сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын (VI-шайланган) 2018-жылдын 22-декабрындагы “Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү” №2/3 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2. Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:

Токсонбаев Жапар Бурканович - комиссиянын төрагасы,

Салабат уулу Кубат –Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси бузуулар боюнча комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Аматова Бусайра -аялдар кеңешинин торайымы.

Базарбаев Сапарбай- Ынтымак айылынын айыл башчысы

Джусуев Мамасадык- Савай айылынын айыл башчысы

Бекназаров Жоомарт- Кыдыша айылынын айыл башчысы

Полотов Гапыржан- Султан-Абад айылынын айыл башчысы

Чырмашов Батыр- Кескен-Жар айылынын айыл башчысы

Мурзакулов Хабибилла-Кен-Сай айылынын айыл башчысы

Хайдаров Мамашарип- Курбан-Кара айылынын айыл башчысы

Кундузов Абдибаит-Октябрь айылынын айыл башчысы.

3. Түзүлгөн комиссияга өз ишмердүүлүгүн кабыл алынган Жобонун негизинде мыйзам чегинде жүргүзүү милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мамлекеттик тил,каада салт,этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Савай айылдык округунун кенешинин

төрагасынын орун басары

 

Б.Аматова