Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V заседаниеси

 

 

2021-жылдын 28-сентябрындагы № 5/3

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Масаков Эсенали Назарбаевичтин Согонду айылына караштуу ГЭС участкасынын Гүлчө дарыясынын жээгиндеги бош жерден 1,0 га жер аянтын көрктөндүрүү үчүн сурап жазган арызы жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Масаков Эсенали Назарбаевичтин Согонду айылына караштуу ГЭС участкасынын Гулчө дарыясынын жээгиндеги бош жерден 1,0га жер аянтын көрктөндүрүү үчүн 2021-жылдын 12-июлундагы сурап жазган арызын карал чыгып, Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:

 

1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылына караштуу ГЭС участкасынын Гулчө дарыясынын жээгиндеги бош жерден 1,0 га жер аянтын Масаков Эсенали Назарбаевичке көрктөндүрүүгө берүү үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы:

Орозали уулу Таалайбек