САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын токтому.
2025-жылдын 10-октябрындагы №9/4
“ Авлетим-Кызыл-Туу айылдарын бириктирүүчү,Коргон айылынан Жол-Сай участкасына чейинки аралыктагы жолду кайрадан калыбына келтирүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Сары-Челек айыл аймагынын 2025-жылдын 8-октябрындагы №3-1/309 сандагы кайрылуусуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 9-октябрындагы “Айыл чарбасы жана экология”маселелелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сары-Челек айыл аймагынын жашоочуларынын суроо-талаптарынын негизинде
Авлетим-Кызыл-Туу айылдарын бириктирүүчү,Коргон айылынан Жол-Сай участкасына чейинки аралыктагы жолду кайрадан калыбына келтирүүгө макулдук берилсин.
2.Бул маселенин алкагында тиешелүү жетекчиликтер менен бирдикте иш жүргүзүү жагы Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т,А,Айткуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Айыл чарбасы жана экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4..Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5..Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу
катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Шайдиев..
|