Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлу №62/XV-29
«Ай-толкун», «Гүл-балалык», «Нур-Балалык», «Эпкин-Нур» бала
бакчаларындагы балдар үчүн азык-түлүктүн баасын жогорулатуу
жөнүндө
Айылдык кеңештин кезекти сессиясында «Ай-толкун», «Гүл-балалык», «Нур-Балалык», «Эпкин-Нур» бала бакчаларынын ата-энелер чогулушунун 2026-жылдын 16-апрелиндеги №1, №2, №3, №4 «Азык-түлүккɵ болгон баанын кымбатташына байланыштуу азык-түлүккɵ болгон баанын жогорулашы жɵнүндɵ» протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-августунан тартып «Ай-толкун», «Гүл-балалык», «Нур-Балалык», «Эпкин-Нур» бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын тамак-ашынын баасы бир балага күнүнɵ 150 сомдон бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 12-августунда https://gagsmsu.kg/2026/08/12/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%8b%d1%81%d1%8b%d0%ba-%d0%b0%d1%82%d0%b0-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-5/ расмий сайтында жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Н.С.Бекбоева |