Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-августу №65/XVI-29
Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Дж.Толубаеванын «Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көбөйүшү жөнүндө» маалыматын карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Киреше бөлүгү көбөйтүлсүн:
- киреше салыгы 4000,0 миң сомго;
- атайын эсеп 500,0 миң сомго;
2. Чыгаша бөлүгү АУП бөлүмү, 2221-берене – 1 400,0 миң сом (электр жабдууларын оңдоо иштери);
2.1. - темир таштанды челектерин сатып алуу – 1000,0 миң сом (турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 2215-берене);
2.2. - агынды саркынды сууларды сордуруу – 100,0 миң сом (турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 2215-берене);
2.3. - жалпы билим берүү орто мектептерине жалпы жабдуулар (идиш-аяк жана башка зарыл буюмдар) – 200,0 миң сом (мектеп бөлүмү 2222-берене);
2.4. - төмөнкүлөрдү сатып алуу үчүн: трибуна (2 даана × 8 000 сом, отургучу бар тамеки чегүүчү жай 40000 сом, темир таштанды челектери 15 даана × 5 800 сом – 87 000 сом) (турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 3112-берене) – 143000 сом; сырткы даараткананы оңдоо (турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 2221-берене – 157000 сом);
2.5. - кондиционерлерди сатып алуу үчүн (Красная Речка а., Нурманбет а., ҮБДТ, А. Токтоналиев а., ФАП) – 100,0 миң сом («Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү, 3112-берене);
2.6. - социалдык объектилердеги электр тармагын оңдоо иштери (текшерүү талаптарына ылайык акылдуу эсептегичтерди орнотуу: А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептер; А.Токтоналиев жана Нурманбет айылдарынын клубдары; «Гүл Балалык» жана «Эпкин Нур» мектепке чейинки мекемелери) – 500,0 миң сом; (турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча 2222-берене – 300,0 миң сом, 2215-берене – 200,0 миң сом);
2.7. - максаттуу көрсөткүчтөрдүн ашыкча аткарылгандыгы үчүн кызматкерлерге сый акы – 400,0 миң сом; АУП бөлүмү 2111-берене – 341,2 миң сом жана 2121-берене боюнча 58,8 миң сом.
2.8. - атайын эсеп «Бала бакча» бөлүмү 2218-беренеси боюнча жалпы суммасы 500,0 миң сом;
Атайын эсептеги көбөйүү, бөлүмдөр боюнча:
- «Гүл-Балалык» мектепке чейинки мекемесинин ашканасын капиталдык оңдоо максатында каражаттарды кайра бөлүштүрүү – бюджет бөлүмүнөн (АВП насыясы) 1 500,0 миң сом жана бөлүштүрүлбөгөн калдыктан 507,9 миң сом; турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн ичиндеги каражаттарды кайра бөлүштүрүү - 2823-беренеден (суммасы 1 500,0 миң сом) бала бакча бөлүмүнүн 3111-беренесине ылайык;
- бюджеттин 3111-беренеси боюнча «Бала бакча» бөлүмүнө 507,9 миң сом эркин калдыктын эсебинен;
3. Нурманбет айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 12-августунда https://gagsmsu.kg/2026/08/12/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%8b%d1%81%d1%8b%d0%ba-%d0%b0%d1%82%d0%b0-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-5/ расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.К.Бакырчаков |