Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 29-сентябрь № 13-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн
ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана 2024-жылдын 28-ноябрында бекитилген Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентин негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы отурумунун № 9 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Аттокурова Уркуя - Жалал-Абад областтык экспертиза департаментинин эксперти;
- Эрматов Нурлан Манапович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
- Исабаев Аброр Абдыжапарович - №30 Х.Кенжаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
- Маматаев Кылычбек Маматеминович- Талаа-Булак айылынын тургуну;
- Эргешов Шаирбек Маматович - Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору;
- Калмаматов Нуралы - Талаа-Булак айылынын тургуну;
- Халбаев Эркинжан Раматиллаевич - Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|