Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 29-сентябрындагы № 13-2
“Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 207-т тескемесин аткаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын талаптарына ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы чыгыш № 07-3/5803 сандуу катын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-сентябрындагы чыгыш № 01-28/2008 сандуу катын, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-сентябрындагы отурумунун № 5 протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш чараларды аяктоо, ресторандардын, тойканалардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишин кечиктирбестен саат 22:00 дөн кечиктирбестен толугу менен токтотуу жагы көзөмөлгө алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|