ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8 – сессиясы
2021-жылдын 13-сентябрындагы № 1
Орток айыл аймагынына караштуу «Чырпыкты» участкасындагы алтын казуу иштерин жүргүзүүгө ОсОО Голд контент компаниясына берүү жөнүндө
Орток айыл аймагына караштуу «Чырпыкты» участкасындагы алтын казуу иштерин жүргүзүүгө ОсОО Голд контент компаниясына иштетүүгө берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Орток айыл аймагына караштуу «Чырпыкты» участкасындагы 4,1 га жер аянты ОсОО Голд контент компаниясына алтын казуу иштерин жүргүзүүгө уруксаат берилсин.
2. ОсОО Голд контент компаниясы 1,0 миллион сом акча каражатын Орток айыл аймагынын счетуна которуу жагы милдеттендирилсин.
3. Которулган акча каражатын счетун тактоо жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.
4. Алтын казуу иштери аяктагандан кийин 4,1 га жер аянтын кайра калыбына келтирүү (рекультивация) жагы ОсОО Голд контент компаниясына милдеттендирилсин.
5. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Субанбеков |