Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8 – сессиясы

 

2021-жылдын 13-сентябрындагы № 1/1

 

 

Орток айыл аймагынын Оорук-Там айылына бала-бакча ачуу жөнүндө

Орток айыл аймагынын Оорук-Там айылынында бул убакка чейин бала-бакча жок болгондуктан бала-бакча ачууга тиешелүү каржылык маселелерин чечип берүү жобосун бекитип берүү тууралуу Орток айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун талкуулап Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Оорук-Там айылына «Оорук-Там келечеги» бала-бакча ачылсын.

 

2. Жаңы ачылып жаткан бала-бакчанын жобосу бекитилсин жана мамлекеттик юридикалык каттоодон өткөрүлүп, мөөрү алынсын.

 

3. Жаңы ачылып жаткан бала-бакчага кызматкерлердин айлык акысын мамлекеттик каржылоого алып берүү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

4. Бала-бакчанын банктан эсеп счету ачылып, ата-энелерден балдардын тамак ашына төлөнгөн акча каражаттары банктык эсепке салынып мыйзам чегинде чыгымдалсын.

 

5. Бала-бакчанын имаратынын техникалык параметрлерине ылайык электр энергияга жана жылытууга көмүр менен камсыздоого энерго паспорту даярдалып бүткөрүлүп жергиликтүү бюджеттен каржылоого сунушталсын.

 

6. «Оорук-Там келечеги» бала бакчасынын тарбиячылары Эсенбек кызы Миргүл, Джакипова Гулина Жанабиловна жана музыка мугалими Тагаева Нурайым Жутабаевнага айылда дипломдуу кадрлар жок болгондугуна байланыштуу ушул кадрлар бүтпөгөн жогорку билимдүү болгондуктан, кызматка кирүүгө уруксаат берилсин.

 

7. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Асанкожоевге милдеттендирилсин.

 

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.Субанбеков