Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезексиз 8 – сессиясы

 

2021-жылдын 13-сентябрындагы № 1/3

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө Орток айыл аймагынын Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштарына кошумча акча каражатын биринчи мүмкүнчүлүктөн бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынын Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасынын кошумча жумуштарына кошумча акча каражатынын көлөмү 109 000 миң сомду биринчи мүмкүнчүлүктөн бөлүнүп берилсин.

 

2. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.

 

3. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.Субанбеков