КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 29-сентябрь № 13-3
“Кызыл-Туу айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенти жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Сузак району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 4-июнундагы чыгыш № 01-09/161 сандуу катын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-июлундагы чыгыш № 01-28/1540 сандуу катын, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26-сентябрындагы отурумунун № 6 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын эсептөө үчүн аймактык Кз зоналдык коэффициенти 1,3 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|