Редакцияот 12.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6- чакырылыштагы кезексиз 9 – сессиясы

 

2021-жылдын 12-октябрындагы № 1/3

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү атайын эсепте (ата-энелерден түшкөн каражат) 20,5 сомго бекитилсин.

2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаты атайын эсепте 20,5 төмөндөгүдөй статьяга жумшалсын.

 

№

Статья

Мазмуну

Сумма

1

2218

Ысык тамак-аш азыктарын алуу

20,5

Баары

20,5

 

3. Акча каражатыни которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын .

4. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.Субанбеков