Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 29-сентябрь № 13-4
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыкты мугалими” наамын
ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №17-11 “Жобону бекитүү жөнүндө” токтому, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № 20-15 “Жобого өзгөртүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мыкты мугалими” ардактуу наамын жана төш белгисин тапшыруунун Жобосуна ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңештин маданият, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 9 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалими” наамы төмөнкү инсандарга ыйгарылсын:
- Култаева Элиза Байдыллаевна - № 31 Ы. Чанаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими;
- Жакыпова Роза Момуновна - № 94 Б.Калымбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими.
2. “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мыкты мугалими” наамын алган мугалимдерге, бекитилген Жобонун негизинде төш белги, күбөлүк жана тиешелүү өлчөмдөгү акча каражатын тапшыруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|