ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6- чакырылыштагы кезексиз 10 – сессиясы
2021-жылдын 27-октябрындагы № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындыгы №244-Токтомунун 2-тиркемесине ылайык Жободо белгиленген беренелерде Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан каржыланган маданий жана башка обьектилерге ысымдарды ыйгаруу жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен жалпы жыйындын жана Орток айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен ыйгаруу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен Нарын районундагы Орток айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынан чыккан атуулу Бугубаев Шажусуптун ысымы М. Кенжакунов атындагы орто мектебинде жайгашкан кичи футбол аянтчага Бугубаев Шажусуп атындагы кичи футбол аянтчасы деп ысымын ыйгаруу жөнүндө Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Орток айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынын М. Кенжакунов атындагы орто мектебинде жайгашкан кичи футбол аянтча «Бугубаев Шажусуп» атындагы футбол аянтчасы деп аталсын.
2. «Бугубаев Шажусуп» атындагы кичи футбол аянтчанын мындан ары чыгымдалуучу финансылык каражаттар, айланасын оңдоп түзөө дайым көзөмөлгө алуу жагы Ш. Бугубаевдин үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен ишке ашырылсын.
3. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге млдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Субанбеков |