Редакцияот 29.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

Кезексиз  XIII сессиясы

 

2025-жылдын 29-сентябрь № 13-5

 

Таштак айылындагы жер аянтын бир багытынан

башка багытка которуу жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-сентябрындагы чыгыш № 01-28/2037 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-сентябрындагы отурумунунун №5 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIII сессиясы сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы 3-05-07-0027-0416 сыр белгисиндеги Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,15 га жер аянтына ден-соолукту чыңдоочу спорт комплексин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын сугат айдоо жерлери түрүнөн “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.

 

Төрага

 

                      А.Р. Алимов