Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
21 июлу 2026 жыл 29-26/2
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу кызматынын №23-мекемесинин имаратын жана жер тилкесин, Каракол шаарынын муниципалдык менчигина кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 14-июлундагы, чыг:№01-17-3496, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мʏлккѳ муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамынын 5,6-беренелерин жетекчиликке алып, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXVI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Ж.Алышбаев кѳчѳсʏ, №194 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу кызматынын №23-мекемесинин кыймылсыз мүлкү, имараттары жана курулмалары менен жалпы аянты 7481,2 чарчы метрди тʏзгѳн, идентификациялык коду 2-01-01-0068-0001 ыйгарылган жер тилкеси менен бирге, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин. Каракол шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык, жер тилкеси менен имаратты кабыл алуу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
2. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар