Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
21 июлу 2026 жыл 29-26/3
Ысык-Көлоблусунун Ак-Суу районуна караштуу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарынын №504 контурдагы
жер тилкесин, Каракол шаарынын муниципалдык жер
тилкесине алмашуу жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 12-июлундагы, чыг:№01-17-3464, катын карап жана талкуулап, муниципалдык менчик объекттерин алмашуу жѳнʏндѳ келишим тʏзʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳгʏ, Каракол шаардык Кенешинин 2026-жылдын 26-мартындагы №29-19/1 токтому менен бекитилген “Каракол шаарынын муниципалдык менчик объекттерин алмашуунун тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 23-пунктунун жана 2026-жылдын 13-июлундагы № Пр-26 муниципалдык менчик объекттерин алмашуу боюнча комиссиянын протоколуна ылайык жана жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXVI сессиясы,
Токтом кылат:
1. 2026-жылдын 13-июлундагы муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу боюнча комиссиянын № Пр-26 протоколуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарынын №504 контурдагы жертилкеси, Каракол шаарынын ЖЭБинин жанында жайгашкан муниципалдык жер тилкесине алмашууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык, жер тилкеси менен имаратты кабыл алуу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар