Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
21 июлу 2026 жыл 29-26/4
ТОКТОМ
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Салык агенти тарабынан тѳлөнүүчү киреше салыгы” жыйымдын көлөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 10-июлундагы, чыг:№01-17-3446, жана мэринин орун басары Э.А. Дюшобаеванын 2026-жылдын 10-июлундагы, чыг:№01-17-3441, каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №3 Салык Кодекси менен белгиленген 53-беренесинин 2-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXVI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата киреше бөлүгүнүн өлчөмү №1 тиркемесине ылайык жана чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгы Каракол шаарынын аймагындагы мекеме ишканалардан (менчигинин түрүнө карабастан) киреше салыгы боюнча жыйымдардын аткарылышын бул токтомдун №1 тиркемесинде белгиленген өлчөмдөрдө камсыз кылсын.
3. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы, Каракол шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына №18 бала-бакчасынын жылытуу системасын орнотууга 4 280 333 (төрт миллион эки жүз сексен миӊ үч жүз отуз үч) сом жана Каракол шаарынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгына, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине видеокамераларды сатып алууга жана орнотууга 707 600 (жети жүз жети миӊ алты жүз) сом акча каражатын, “Каракол шаарынын №5 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын чатырын капиталдык оӊдоо, полун жана сантехникасын алмаштыруу” долбоору боюнча стимулдаштыруучу грантты кошо каржылоого мурда каралган каражаттардын эсебинен сметага ылайык, бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдунун аткарылышына көзөмөлдөө экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Төрага Таштанбек уулу Санжар