Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
2026-жылдын “_____” ________№______
Каракол айыл айылындагы ички чарбалык ирригациялык,дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинен, Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана ѳткѳрүү” жѳнүндѳгү токтомун аткаруу максатында, Ак-Суу району боюнча жүргүзүлгѳн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде түзүлгѳн тизмеге ылайык, 1 жана 2 иреттеги каналдарды Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына кабыл алуу боюнча жергиликтүү Кенештин макулдугун берүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн кайрылуусун карап, таанышып чыгып Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши токтом кылат:
1. Каракол айыл айылындагы ички чарбалык ирригациялык,дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги Тепке, Курбу, Жылдыз, Шапак, Отрадное, Орлиное,Каракол, Чолпон айылдарындагы жалпы 135,155 км ички чарбалык жүргүзүлгѳн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде түзүлгѳн реестрине ылайык, 1 жана 2 иреттеги каналдарын Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына кабыл алууга макулдук берилсин..
2.Каракол айыл аймагындагы сугат суу каналдарын Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү боюнча тиешелүү иш жүргүзүү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Ариповго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
4.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М. Алымбаев