Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
2026-жылдын “_____” ________№______
Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы
бир жылдык отчетту жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши, Каракол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Ариповдун 2025-жылга карата бир жылдык отчеттун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34, 53,54-беренесинин негизинде Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Каракол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Ариповдун 2025-жылга карата бир жылдык отчетту канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы бюджет, жер жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев