Редакцияот 17.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

Каракол  айыл аймагынын жергиликтүү  Кеңешинин

депутаттарынын  XXIX-чакырылышынын  IV сессиясы

 

ТОКТОМ

__________2025-ж №____                                                                 

               

Каракол айыл аймагында жайгашкан турак жайга болгон мүлк салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алып, Ак-Суу райондук салык кызматынын өкүлүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:

 

1.Каракол айыл аймагында жайгашкан турак жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасы

9 (тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү үчүн облустук  юстиция башкармалыгына  жиберилсин.

 

3.Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил  уулу  Арстанбекке, аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага        Б.М.Алымбаев