Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
XXIX-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын_____ ________№______
Каракол айыл аймагынын зоналдык коэффицентин
бекитип берүү жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Кыргыз Республикасынын “Салык” кодексинин 388-беренесинин 3,4-пунктун,404-беренесинин 4-пунктун “айыл чарба багытындагы болбогон жерлердин пайдалангандыгы үчүн зоналдык коэффицентин административдик реформага байланыштуу кайрадан карап берүүгѳ 2025-жылдын 21-августундагы бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун карап, таанышып чыгып, талкуулап Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1.Каракол айыл аймагынын экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэффицент айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн Кз-(1,8) ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2.Экономикалык пландалуучу зоналдык коэффиценти үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы Кз-(1,0) ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ариповго жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев