Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
XXIX-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМУ №____
12.06.2025
“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ” келишимди бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 02-июнундагы №4682 сандуу катын карап чыгып, талкуулап Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳ” келишими бекитилсин.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алып аткаруу Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Дж.Ариповго жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев