Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин
депутаттарынын XXIX-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ
_____ ________2025-ж.№______
Каракол айыл аймагындагы “Шапак” айылынын аталышын
“Шапак Ата” деп атоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жѳнүндѳ” Мыйзамынын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттилерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобонун негизинде, 2025-жылдын 15-сентябрындагы айыл аймактын жергиликтүү кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун карап, талкууга алып, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. “Шапак” айылынын аталышын “Шапак ата” айылы деп атоого макулдук берилсин..
2. Бул токтомдун түп нускасы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына ѳткѳрүү жагы айыл аймактын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчы Ч.Садамбековага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Н.Дж. Ариповго жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев