Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
XXIX-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
ТОКТОМ
________ 2025- жыл №_____
Малчылардын жайыттардын ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы кортундусунун негизинде, алыскы жайытка кирген Сары-Жаз жана Сырт ѳрѳѳнүндѳгү жыл бою кайтарылган малга жылдык жайыттардын ижара акысын бекитүүгѳ Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Алыскы жайытка кирген Сары-Жаз жана Сырт ѳрѳѳнүндѳгү жыл бою кайтарылган малга жылдык жайыттардын ижара акысы мал башына 250 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2.Токтом ченемдик укуктук актыларын бирдиктүү реестрине катталып, Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алып аткаруу Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ариповго жүктөлсүн.
Төрага Б.М. Алымбаев