Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин
XXIX-чакырылышынын 14-сессиясы
ТОКТОМ
2026- жылдын 30-апрели №_____
Каракол айыл аймагына караштуу Каракол, Тепке айылдарынын
башкы пландарынын долбоорун бекитип берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура курулуш жана турак жай, комуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура департаментинин Каракол айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Каракол, Тепке айылдарынын башкы пландарынын долбоорун бекитүү жѳнүндѳ Каракол айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы жер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун протоколдорунун жана жергиликтүү кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги кортундусун угуп, талкуулап Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Каракол айыл аймагына караштуу Каракол, Тепке айылдарынын башкы пландарынын долбоору бекитилсин.
2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүу ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
3.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.М. Алымбаев