Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
2026-жылдын “_____” ________№______
Каракол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2027-2029-жылдардын
киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Джаныбеков Дж.И, Каракол айыл ѳкмѳтүнүн финансы жана экономика бѳлүмүнүн башкы адиси Курумшиева У.А. жана
Каракол айыл ѳкмѳтүнүн салыктар боюнча адиси Безрукавых С.Н. 2027-2029-жылдарга карата Каракол айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана тендѳѳ гранттардын долбоорлорунун кирешелер бѳлүгү жѳнүндѳ маалыматтарын угуп жана талкуулап
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1.2027-2029-жылдарга карата Каракол айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана тендѳѳ гранттардын кирешелер бѳлүгүнүн долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (долбоор тиркелет).
2.2027-2029-жылдарга карата Каракол айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана тендѳѳ гранттардын чыгашалар бѳлүгүнүн долбоору 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (долбоор тиркелет).
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
4.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М.Алымбаев