Загрузка документа…
КАРАКОЛ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
2026-жылдын “_____” ________№______
Каракол айыл аймагынын “Эл сыймыгы” жана “Кадырлуу Эмгек каарманы” тѳш белгисин ыйгаруунун тартиби жѳнүндѳ жобону бекитүү жѳнүндѳ
Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 2024-жылдын 06-августундагы №12 токтому менен бекитилген “Каракол айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын” негизинде жана Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги кортундусун угуп жана талкуулап, Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1.Каракол айыл аймагынын “Эл сыймыгы” жана “Кадырлуу Эмгек каарманы” тѳш белгисин ыйгаруунун тартиби жѳнүндѳ жобону бекитилсин.
2.Каракол айыл аймагынын “Эл сыймыгы” жана “Кадырлуу Эмгек каарманы” тѳш белгисин ыйгаруу бекитилген Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин сайтына жарыялансын.
4.Каракол айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Ч.Садамбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун кѳчүрмѳсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага Б.М. Алымбаев