Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 10-октябрь № 14-2
“Ак-Баш айылындагы балдар бакчасы” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-октябрындагы чыгыш № 01-28/2167 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы отурумунун № 6 протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылында курулуп жаткан 50 орундуу бала бакчанын курулушун толук бүтүрүү максатында долбоор жасалып, Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна тапшырылсын.
2. Курулуш иштерине керектелүүчү 17 010 515 (он жети миллион он миң беш жүз он беш) сом акча каражаты Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|