Загрузка документа…
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
болжолу
1-глава. Негизги жоболор
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун (мындан ары – Болжол) максаты социалдык-экономикалык процесстерди жана тенденцияларды талдоонун, болгон ресурстарды жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу тобокелдик факторлорун аныктоонун негизинде орто мөөнөттүү мезгилге макроэкономикалык өнүгүүнүн сандык багыттарын жана параметрлерин аныктоо болуп саналат.
Болжолдо тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана региондордун расмий болжолдорунун базасында түзүлгөн 2027-жылга экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана 2028–2031-жылдарга өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги аныкталган.
Болжол 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгуу жана «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат.
2-глава. 2025-жылы жана 2026-жылдын январь – мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары
§ 1. 2025-жылдын кыскача жыйынтыктары
2022–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы жогорку өсүү темптерин көрсөттү (2022 – 109,0 %, 2023 – 109,0 %, 2024 – 111,5 %), бул орто мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүгүү үчүн базаны түздү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы 2024-жылга салыштырмалуу Борбордук Азиядагы 11,1 %га эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бирин көрсөттү.
Экономикалык кырдаал туруксуз геосаясий жагдай жана дүйнөлүк азык-түлүк жана энергетикалык ресурстардын бааларынын өзгөрмөлүүлүгү менен байланышкан сакталган тышкы инфляциялык факторлордун таасиринде калыптанды. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүүгө багытталган экономикалык саясаты макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жана туруктуу өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
УСК алдын ала маалыматтары боюнча 2025-жылы ИДП көлөмү 1 976,4 млрд сом суммасында жана реалдуу өсүү темпи 111,1 %ды түздү. Экономиканын бардык секторлору оң динамиканы көрсөттү: өнөр жай 10,7 %га, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү 10,9 %га, курулуш 21,1 %га, айыл чарбасы 2,2 %га өстү. Мындай өсүш ички өндүрүштүн кеңейиши, туруктуу ички суроо-талап, өлкөгө жеке жактардын акча которууларынын (+22,6 %) жана керектөөчүлүк кредиттеринин дээрлик эки эсе өсүшү менен шартталган.
1-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери
(өсүү темпи КДН боюнча берилди)
Көрсөткүчтөр | 2024-жыл, иш жүзүндө | 2025-жылдын январь – декабры алдын ала иш жүзүндө | |||||
млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | млн сом | өсүү темпи, % менен | ИДПга карата, % менен | ИДПнын өсүшүнө салым-дын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 1582791,8 | 111,5 | 100,0 | 1976389,4 | 111,1 | 100,0 | 11,1 |
Өнөр жай | 269302,7 | 109,3 | 17,0 | 351192,7 | 110,7 | 17,7 | 1,83 |
Айыл чарба | 136463,3 | 106,2 | 8,6 | 158100,0 | 102,2 | 8,0 | 0,19 |
Курулуш | 121649,6 | 128,7 | 7,7 | 171709,4 | 121,1 | 8,7 | 1,62 |
Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү | 828044,1 | 109,8 | 52,3 | 1011647,5 | 110,9 | 51,2 | 5,72 |
Продукцияга таза салыктар | 227332,1 | 114,7 | 14,4 | 283739,8 | 112,1 | 14,4 | 1,74 |
Экономикалык өсүш калктын жан башына ИДПнын жогорулашына өбөлгө түздү, ал 2025-жылы 3 079,5 АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 22,5 %га жогорулады (2024-жылы – 2 513,4 АКШ доллары). Орточо айлык эмгек акы 18,9 %га, ал эми инфляция деңгээлин эске алуу менен анын реалдуу көлөмү 9,9 %га, пенсиянын орточо өлчөмү 6,2 %га өстү, бул ошондой эле калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түздү.
Туруктуу өсүштүн сакталышы активдүү инвестициялык жана бюджеттик саясат менен коштолду. Салыктык түшүүлөр 32,3 %га өстү, бюджеттин профицити ИДПга карата 2,5 %ды түздү. Капиталдык салымдар 1,4 эсеге көбөйүп, каражаттар энергетикалык, жол жана социалдык объекттерди, административдик имараттарды, ошондой эле туристтик инфраструктураны курууга жана реконструкциялоого багытталды.
Өнөр жайга жана турак жай курулушуна өзгөчө көңүл бурулду. «100 өнөр жай ишканасы – 2025» программасынын алкагында 715,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, 119 жаңы ишкана ачылды жана 8 миңден ашык жумуш орду түзүлдү. «Менин үйүм» программасынын алкагында 4 662 батир пайдаланууга берилди.
Эл аралык рейтинг агенттиктери өлкөнүн макроэкономикалык саясатынын туруктуулугун ырасташты: S&P – B+ (туруктуу), Moody’s – B3 (туруктуу), Fitch – B (туруктуу), бул инвесторлордун ишенимин жана экономикалык моделдин туруктуулугун чагылдырат.