Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 9-сентябры № 10/1
Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Боогачиев Алтынбек Качкынбековичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Чолпон айылдык аймагындагы айылдарда Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарынын аткаруу максатында салттуу иш чараларды, тойлорду, мааракелерди өткөрүүдө төмөнкү убакыт аралыгында үн басымын жана ызы-чуу белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- Жумуш күндөрү – саат 22:00 дөн 07:00гө чейин;
- Дем алыш жана майрам күндөрү 22:00 дөн 09:00 го чейин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |