Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

Кезексиз  XIV сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябрь № 14-3

 

 

“Ак-Баш айылындагы М.Эрматов атындагы көчөсү” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-октябрындагы чыгыш № 01-28/2152 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы отурумунун № 6 протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылындагы М.Эрматов атындагы көчөнү асфальттоо максатында долбоор жасалып, Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна тапшырылсын.

 

2. Керектелүүчү 3 602 342 (үч миллион алты жүз эки миң үч жүз кырк эки) сом акча каражаты Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

                      А.Р. Алимов