Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 9-сентябры № 10/2
КР Президентине караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Боогачиев Алтынбек Качкынбековичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жандандыруу максатында:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
- баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;
- никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүктү берүү;
- өлгөндүктү каттоо, ошондой эле өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү;
- жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
- "балага сүйүнчү" арызын каттоо боюнча иштерди аткаруу жагы жооптуу катчы Боогачиев Алтынбек Качкынбековичке жүктөлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Урматов |