ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 9-сентябры № 10/3
Чолпон айылындагы таза суу системасы ишке кирүү алдында тургандыктан суу киргизүүгө турак-жайга кошууга (подключение) акча каражатын бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Чолпон” МИ жетекчиси Таалайбек уулу Тынычтыктын билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылындагы таза суу системасынын бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө, кайрадан куруу иштери аяктагандыгына байланыштуу, турак-жайларды абонент катары кошуу (почключение) тарифи 3000-00 (үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Урматов |