Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы №24-9-1

                                            

 “Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2024-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө”      

        

Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2024-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп, талкуулап жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2024-жылга карата түзүлгөн иш пландары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.     Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2024-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1,№2,№3,№4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3.     Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын, шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.

4.     Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо ѳзүмѳ кайтарылып тапшырылсын.

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

 Н.Бостонов

 

 

 

 

  БЕКИТЕМИН

Майлуу-Суу шаардык кеңештин

2024-жылдын 14-февралындагы 24-сессиясынын №24-9-1 Токтому менен Төрага:________Н.А.Бостонов

 

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН 2024-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ

 ПЛАНЫ

 

№

Иш чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптулар

1

Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2024-жылга иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө

 

1-квартал

 

Шаардык кеңештин аппараты жана туруктуу комиссиялары

2

Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн, 2025-2026-жылдарга божомолун түзүү жана бекитүү жөнүндө

 

1-квартал

 

Шаардык мэрия,шаардык кеңеш жана  шаардык каржы башкармалыгы

3

Регламентке ылайык мыйзам чегинде квартал сайын сессия өткөрүү

Дайыма

Шаардык кеңеш

4

Туруктуу комиссиялардын отурумуна,сессияларга депутаттардын жана тийиштүү мекеме жетекчилердин толук катышуусун камсыздоо

Дайыма

 

Шаардык кеңеш, шаардык мэрия

5

Островский жана башка көчөлөр аркылуу өткөн “Жылуулук менен камсыз кылуу” мекемесинин адам өтүүчү жолдун үстүнөн өткөн түтүкчүлөрдү жылдыруу боюнча Майлуу-Суу “Жылуулук менен камсыз кылуу” мекемесине тапшырма беруу жана жыйынтыгы боюнча маалымат угуу.

2-3-квартал

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, “Жылуулук менен камсыз кылуу мекемеси”, архитектура.

 

 

6

Майлуу-Суу шаардык мэрия, жана башка тиешелүү шаардык мекеме уюмдары менен биргеликте Островский, Бедре-Сай (№5-үйү) көчөсүндөгү тосулуп калган тратуарларды  ачуу боюнча иш алып баруу

Дайыма

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме уюмдардын ( ТОС, архитектура, мамкаттоо бөлүмү...) катышуусу менен.

 

 

7

 

 

 

 

 

Шаар боюнча сел тосмолорду тазалоо иштерин жүргүзүү боюнча мэрияга жана шаардык ӨКМ бөлүмүнө тапшырма берип, жыйынтыгы боюнча малымат угуу.

 

2-3 квартал

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме бөлүмдөрү( ӨКМ бөлүмү, архитектура, мамкаттоо бөлүмү...) катышуусу менен.

 

8

Левобережняя көчөсүнө өткөн автоунаа көпүрөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча шаардык мэрияга тапшырма берүү жана жыйынтыгы боюнча малымат угуу

2-квартал

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме бөлүмдөрү (архитектура,ММБ, ГЖЗС...) катышуусу менен.

 

9

Ленина көчөсүнүн №8,4 үйлөрүнүн үстүнөн сел тосмо куруу иштерин алып баруу боюнча мэрияга жана шаардык ӨКМ бөлүмүнө тапшырма берип, жыйынтыгы боюнча малымат угуу.

2-квартал

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме бөлүмдөрү менен.

 

10

Майлуу-Суу шаарынын Подгорная, Песчанная көчөлөрү аркылуу өткөн сайдын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү боюнча мэрияга жана шаардык ӨКМ бөлүмүнө тапшырма берип, жыйынтыгы боюнча малымат угуу.

2-квартал

Өнөр-жай, транспорт,коммуналдык

чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме бөлүмдөрү менен.

 

11

Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, калкка көрсөтүп жаткан медициналык кызматы боюнча маалымат угуу

2-квартал

Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия.

12

Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчетун угуу

2-квартал

Мэрия, шаардык кеңещ

13

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы мекемесинин 2023 жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуу

3-квартал

Өнөр-жай,транспорт, коммуналдыкчарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия

 

14

2024-жылдын биринчи жарым жылдык боюнча шаардык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат угуу

3-квартал

Мэрия, ШКБ, МСКБ, Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы

15

Майлуу-Суу шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан аткарылган жумуштары жөнүндө

3-квартал

МСКБ, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия

16

2023-2024 жылда канча жаранга батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгын аныктоо боюнча маалымат угуу

 

4-вартал

Мэрия, ММБ жана Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия.

17

2024-2025-окуу жылдарына окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка даярдыктары (ОЗП) боюнча маалымат угуу

3-4-квартал

Шаардык кеңещтин туруктуу комиссиялары, мэрия, окуу жайлар жана ЖДПБ.

18

2023-жылдын 2-3-кварталдарынын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу

 

3-4-квартал

Мэрия, МСКБ, ШКБ, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия

19

Шаардагы коммуналдык мекеме ишканаларынын 2024-2025-ж.ж. күз- кыш мезгилдерине даярдыктарын кароо

3-4-квартал

 

Өнөр-жай,транспорт,коммуналдык

чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана мэрия тиешелүү мекеме уюмдардын катышуусу менен

20

Шаардык депутаттардын шайлоочулардын алдындагы отчету

4-квартал

Шаардык кеңештин фракциялары

21

Арыз, каттар боюнча иш алып баруу

4-квартал

Шаардык кеңештин аппараты жана туруктуу комиссиялар

22

Депутаттардын наказдары жана алар тараптан коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу

 

4-квартал

Мэрия жана шаардык  мекеме уюмдар

23

Ишкерлерди ШИИБ, МСКБ, СЭКБнун пландык текшерүүлөрүнө ылайык бирдикте рейдттерди төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүү:

  • Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын контролдоо;
  • Патенттер менен жалпы бардык жеке ишкерлердин камсыз болушун контролдоо;
  • Сатуу жайлардын санитардык абалын контролдоо;
  • Сатылуучу товарлардын сертификаттарын контролдоо;
  • Спирт ичимдиктерди сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын контролдоо.

 

Тиешелүү мамлекеттик органдардын пландык текшерүү графигине ылайык

Шаардык кеңещтин туруктуу комиссиялары мэрия жана тиешелүү мекеме уюмдар менен биргеликте.

 

24

2024-2025-окуу жылдарына окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин кароо жана кышка даярдыктары (ОЗП) боюнча маалымат угуу

 

3-4-квартал

Шаардык кеңештин депутаттары, социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана тиешелүү мектептер, окуу жайлары менен биргеликте.

25

Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздары кандай тартипте жүрүп жаткандыгын кароо

Дайыма

Өнөр-жай,транспорт,коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана башка комиссияга мүчө болгон депутаттар

 

26

Шаардык кеңешинде кабыл алынган укуктук актыларын юстиция министрлигине каттоо

Дайыма

Шаардык кеңещ

 

МСКБ-Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы;

ШКБ-Шаардык каржы башкармалыгы;

ММБ- Муниципалдык менчик башкармалыгы;

СЭКБ-Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору;

ЖДПБ-Жалпы дарыгерлер практикалык борбору;

ШИИБ-Шаардык ички иштер бөлүмү;

ӨКМ-Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

 

Шаардык кеңештин аппарат

жетекчиси: А.Э.Мамасалиев