Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 9-сентябры № 10/4
Чолпон айылынын ички жолуна атайын жол тоскоолдук (лежачий
полицейский) койдуруу жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылынын ички борбордук жолун асфальтоо иштери бүткөрүлгөндүктөн, адам өмүрүнүн коопсуздугун эске алып, бүткөрүлгөн жаңы асфальт жолго, ылайыктап жол тоскоолдук (лежачий полицейский) койдуруу, тиешелүү жол тейлөө башкармалыгына кат жолдоо менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |