Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
Кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 13-октябрь № 15-1
“Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 3-4 токтомуна жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 11-8 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-октябрындагы чыгыш № 01-28/2187 сандуу катынын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-октябрындагы чыгыш № 01-28/2188 сандуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябындагы отурумунунун № 7 протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 3-4 “Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “16 га жер аянтына” сүйлөмү “11,84 га жер аянтына” сүйлөмүнө өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 11-8 “Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктундагы “3-05-07-0033-1286 идентификациялык коду менен катталган мал базар астындагы 16,0 га жер аянты” сүйлөмү “3-05-07-0033-1310 идентификациялык коду менен катталган мал базар астындагы 11,84 га жер аянтты” сүйлөмүнө өзгөртүлсүн.
3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго токтомдордогу өзгөртүүлөрдүн негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.
Төрага |
А.Р. Алимов
|