Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы

 

2024-жылдын 14-февралы №24-9-5

                                            

“Майлуу-Суу шаарынын Тайгараев көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, ордуна Бакир Оморов көчөсү деп атооо жөнүндө”      

           

Майлуу-Суу шаардык мэриянын 25.01.2024-ж. чыг.№01-14-47 кайрылуу каты, Тайгараев көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун (15.01.2024-ж. Кл-2), шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX-чакырылышынын XXIV-кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Майлуу-Суу шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.    Майлуу-Суу шаарынын Тайгараев көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, Бакир Оморов көчөсү деп аталсын.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, шаардык “Кадастр” бөлүмүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдын шаардык бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

 

4.    Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

Шаардык кеңештин төрагасы:

 Н.Бостонов