Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 556 токтомуна) Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары – Министрлик) карамагында турган маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартибин аныктайт. 2. Ушул Жобонун колдонулушу Министрликтин карамагында турган балдардын музыкалык мектептерине, балдардын көркөм өнөр мектептерине жана искусство мектептерине жайылтылат. 3. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык аныкталат. 4. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс Министрлик тарабынан өткөрүлөт жана ага катышууга төмөнкү Кыргыз Республикасынын жарандарына жол берилет: 1) тиешелүү кызмат орду үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген; 2) соттуулугу жок; 3) соттун чечими боюнча тиешелүү кызмат орундарын ээлөө же тиешелүү иш менен алектенүү укугунан ажыратылбаган; 4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылбаган; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда педагогикалык иш менен алектенүүгө чектөөлөрү жок; 6) ушул Жободо каралган документтерди тапшырган. 2-глава. Конкурсту жарыялоо, документтерди кабыл алуу жана кароо 5. Министрлик тарабынан маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орду болгон учурда конкурс жарыяланат. 6. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат. |