КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылыштагы) кезексиз 23-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 4-апрелиндеги № 23/3
Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдарды жакынкы жана алыскы жайлоолорго көчүрүү жөнүндө
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын ) кезексиз 23-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышы айылдык аймакта жайгашкан төрт айылдын жарандарын алыскы жана жакынкы жайыттарга көчүп конуусу жана Кулданбес жайлоосуна Кайың-Талаа жана Күйө-Таш айылдарынын элдеринин жайлоого чыгуусу,айдоо аянттарына жана чөп орундуларга түшкөн малдарга айып пул чегерүү боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдардын жакынкы жайытка көчүүсү 2023-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, алыскы жайыттарга көчүү конуу 1-июлдан 10-июлга чейинки аралыкта болуусу керек.
Алыскы жайыттардан көчүп келүү 1-сентябрдан башталсын, эрте көчүп келген жарандарга 20 000(жыйырма миң)сом айып пул салынсын.
Кайың-Талаа жана Күйө-Таш айылдарынын элдеринин Кулданбес жайлоосуна көчүп чыгуусу 15-августтан кийин болуусу керек. Айдоо аянттарын жана чөп орундуларга түшкөн малдарга төмөнөкүдөй айып пул салынсын
Айдоо аянттарына түшкөн малдарга:
жандыка-100 сом
бодо малга-500 сом
чөп орундуга түшкөн малдарга:
жандыка-50 сом
бодо малга -300 сом айып пул салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбеке,ар бир айылдын айыл башчыларына жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамына (тиркеме тиркелет) милдеттендирилсин.
Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамы:
1. Кайың-Талаа айылы -Турганбаев Маметкасым
2. Күйө-Таш айылы - Асакеев Шумкарбек
3. Терек айылы - Алакеев Муханбет
4. Кайың-Талаа айылы - Кыязбек уулу Данияр
5. Коо-Чаты айылы Маметиса уулу Бабуржан
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |