КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 23-сессиясынын (7 чакырылыштагы) жыйыны
2023-жылдын 8-июнундагы № 23/4
Кызыл-Жар айыл аймагындагы Кайың-Талаа айылына бала бакча куруу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылына бала бакча курууга жер аянтын бөлүп берүү максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылына бала бакча курууга жер аянты бөлүнуп берилсин.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылына бала бакча курууга жер аянтын бөлүп берүү жагы кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
| Д.Зарипбеков |