КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 23-сессиясынын (7 чакырылыштагы) жыйыны
2023-жылдын 10-июнундагы № 23/5
Кызыл-Жар айыл аймагындагы Терек айылына канал казуу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын ирригациялык системасын жакшыртуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат.
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын ирригациялык системасын жакшыртууга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылына канал куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |