Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 24-сессиясынын

 

2023-жылдын 8-июнундагы № 24/2

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын ) кезексиз 24-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышынын экинчи маселесине карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевтин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият үйлөрүнө, китепканаларга интернет түйүндөрү киргизилгендигине байланыштуу эконом болгон акча каражатынан 31 855 (отуз бир миң сегиз жүз элүү беш) сом 2212 статьясына кошумча киргизилип берилсин ( тиркеме тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевке милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрагасы

Д.Зарипбеков