Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-августу № 292
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн чектүү штаттык санын 126 штаттык бирдикке көбөйтсүн, алардын ичинен:
– 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып 36 штаттык бирдикке;
– 2027-жылдын 1-январынан тартып 90 штаттык бирдикке;
2) бул тескемени ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |